Үч жыл мурда Москвага кетип дайынсыз болгон кишинин сөөгү Оштон табылды

Маркумдун денесинде оор жаракат жок экени аныкталган.
Sputnik

ОШ, 2-апр. – Sputnik. Ош шаарындагы Кулатов кичирайонундагы №11 көп кабаттуу үйдүн жанынан сөөгү табылган эркек кишинин тек-жайы такталганын милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, маркум Бишкек шаарынын 39 жаштагы жашоочусу экендиги аныкталды. Бир тууган инисинин айтымында, ал 2016-жылы Москва шаарына иштегени кеткен боюнча дайынсыз болчу. Анын кандай себептер менен Ош шаарына барып, эмне жумуш кылып, кимдер менен жашап жүргөндүгүн туугандары билген эмес.

Текке кеткен өмүр. АКШда соттолгон эки киши 42 жылдан кийин күнөөсүз деп табылды
Маркумдун сөөгү 1-апрель күнү жакындарына өткөрүп берилди. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Сулайман-Тоо аймактык милиция бөлүмүнө Кулатов кичирайонундагы көп кабаттуу үйдүн жанында белгисиз кишинин сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барганда жашы 40-45тер чамасындагы кишинин денесинде оор жаракат жоктугу аныкталган.