БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кош бойлуу же жаңы көз жарган майыптыгы бар кыз-келиндердин ымыркайларына "сеп" берилет. Бул тууралуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын "Теңдик" коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоор Baby box деп аталып, "Абилис" фондусунун колдоосу менен ишке ашат.
"Сеп кош бойлуу жана жаңы көз жарган майыптыгы бар кыз-келиндердин балдарына, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген бала төрөгөн энелерге да берилет. Бирок ымыркай беш айга чейин болушу керек. Комплектинин ичинде наристеге зарыл болгон кийим-кече, памперс, самын жана башка каражаттар бар", — деди Казакунова.
Коомдук бирикменин жетекчиси долбоорго катышууну каалагандар e-mail:albinaalov@mail.ru электрондук дарегине кат жолдошу керектигин кошумчалады.