Кыргызстандын хоккейчилери Абу-Дабиде экинчи ирет жеңишке жетти

Хоккей боюнча курама команда Дүйнө чемпионатынын тандоо турларында ат салышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстандын хоккейчилери 2020-жылы боло турчу Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы экинчи оюнда Таиланддын оюнчуларын 6:2 эсеби менен утуп алды. Бул тууралуу Эл аралык хоккей федерациясынын расмий сайтында маалымдалат.

Ага ылайык, оюн Бириккен Араб Эмирлигинин Абу-Даби шаарында өттү.

Руслан Түмөнбаев: медалдарымды уурдагандар кайтарып берсе артынан түшпөйт элем
Эми кыргызстандык хоккейчилер 3-апрелде Босния жана Герцеговинанын оюнчулары менен беттешет.

Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы биринчи беттешин Кувейттин оюнчулары менен өткөрүп, 14:0 эсебинде жеңип алган болчу.

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 2020-жылы 1-17-майда Швейцариянын Цюрих жана Лозанна шаарларында өтөт. Эгер Кыргызстандын курамасы тайпасынан чыкса, үчүнчү дивизионго кирип, Дүйнө чемпионатына катышууга укук алат.