Forbes кыргызстандык жигитти келечеги кең алдыңкы 30 ишкердин катарына кошту

"30 Under 30" тизмесиндеги талапкерлерди атайын калыстар тандаган. Жалпысынан бул тизмеге Азия-Тынч океан аймагындагы 24 мамлекеттен 300 киши кирип, анын 30у гана тандап алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстандык жаш ишкер, "Азиянын экоазыктары" компаниясынын негиздөөчүсү Дастан Өмүралиев Forbes Asia журналынын Азия чөлкөмүндөгү келечегинен көптү үмүттөндүргөн 30 жашка чейинки ишкерлердин тизмесине кирди.

Элдин балдары... Жогорку кызматты ээлеген жаштардын тизмеси
Forbes журналынын жыл сайын чыгарган рейтинги "30 Under 30" аталат. Ал жерге спорт, музыка, кино, оюндар, финансы, ритейллер, өндүрүш, маркетинг, укук жана башка тармактарда 30 жашка чейин ийгилик жарата алгандар кирет. Бул жылкы тизмеде кыргызстандык ишкер да бар.

Өмүралиев учурда 29 жашта. 2013-жылы ал Ecoproduct Asia аттуу сокторду чыгара баштаган.

"Кыргызстандык негиздеген Ecoproduct Asia компаниясы учурда өлкөдө сок өндүрүү боюнча алдыңкы орунда турат. 2022-жылга карата божомол боюнча аталган компания өлкөдө сок чыгаруу боюнча рыноктун 50 пайыз үлүшүнө ээ болот", — деп жазылат.

"30 Under 30" тизмесиндеги талапкерлерди атайын калыстар тандаган. Жалпысынан бул тизмеге Азия-Тынч океан аймагындагы 23 мамлекеттен 300 киши тандап алынган.