Сыдыков: Россия менен болгон мамиле жаңы деңгээлге чыкты

Кыргызстандын президенттик аппараты Владимир Путиндин КРге болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгын чыгарды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Владимир Путиндин мамлекеттик иш сапарынан кийин Кыргызстан менен Россиянын мамилеси жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйында билдирди.

28-мартта Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кеткен.

"Тарыхый окуяга күбө болдук. Биздин эки тараптуу мамиле, кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты. Бул өз кезегинде экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түздү", — деди Сыдыков.

Кыргызстанда КамАЗ чогултула башташы мүмкүн
Ал ошондой эле эки мамлекеттин президенттери соода-экономикалык, аскерий-техникалык кызматташуу жана коргоонуу ишканаларынын кооперативи, транспорт инфраструктурасын жакшыртуу жаатындагы маселелерди талкуулаганын кошумчалады. Сыдыков 2020-жылы Кыргызстан менен Россия өз аймагында өнөктөшүнүн жылын жарыялай турганын маанилүү жетишкендиктердин бири катары сыпаттады.

Ал эми президенттин аппаратынын стратегиялык өнүгүү саясаты, экономика жана финансы боюнча бөлүм башчысы Данияр Иманалиев Владимир Путиндин мамлекеттик сапарынын алдында Бишкекте кыргыз-орус аймактар аралык VIII конференция жана эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму өткөнүн белгиледи.

"Конференциянын жыйынтыгы биз күткөндөн да жакшы болду. Жалпысынан 6 миллиарддан ашык долларлык 53 документке кол коюлду. Сүйлөшүүлөрдүн келечеги абдан кең. Баарынан мурда келишимдер экономикалык жактан таасир берет", — деди Иманалиев.

Буга чейин Экономика министрлиги Путиндин мамлекеттик сапарында кандай документтерге кол коюлганын жарыялаган.