"Ош" базарынын аймагында үй өрттөнүп жатат. Күбөнүн видеосу

Кырсык болгон жерге үч өрт өчүрүүчү унаа тартылды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкекте "Ош" базарынын аймагындагы турак үй өрттөнүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Өрт чыкканы тууралуу маалымат ӨКМге саат 15:30да түшкөн. Социалдык тармакка жарыяланган видеодон уюлгуган кара түтүндү көрүүгө болот.

Кырсык болгон жерге алгач бир өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөн. Кийин дагы эки унаа тартылды.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин айтты.