Апенди тууралуу 8 факты. Кыргыз апендиси кандай болгон?

Педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кыялбек Акматов кечээ жакында коңшу Өзбекстандагы Бухара шаарына "Кожо Насирдин апендинин дүйнөлүк күлкү маданиятындагы орду" аттуу иш-чарага катышып келип, кыргыз апендиси, анын кыргыз коомундагы орду туурасында материал даярдады.
Sputnik

Адатта биз апенди десе, эки сөздүн башын кошуп айта албай элге күлкү болгон, маңыроо чалыш, аңкоо адамды элестетебиз. Бирок чын-чынына келгенде, ал сөз кадырын билген жана сөз менен сөөккө жеткире сүйлөп, дөөлөтүнө чиренгендерди асмандан алеки саатта жерге түшүргөн акылдуу, сөз тапкыч болгон. Sputnik Кыргызстандын окурмандарына апендинин дал ушул сапаттарын ачып берүүгө аракет кылдык.

Апенди, Аладдин, Тарзан... Жомок каармандарынын атын алып жүргөн кыргызстандыктар
Дүйнөнүн көптөгөн элдеринде апенди болгон сыяктуу эле кыргыздардын да өз апендиси бар. Мурдатан эле болуп келген, азыр да бар, келечекте да болот берет.

Апенди — кыргыз адабиятында жеке адамдын ысымы гана эмес, андан бийикке көтөрүлүп, жалпылоого өтүп, адабий жанрга айланган. Алар тамашалуу жана сатиралык мүнөздөгү курч, маанилүү, кыскача оозеки баян болуп эсептелет. Апендилер көбүнчө белгилүү бир көрүнүшкө, адам мүнөзү менен кыял-жоругуна байланыштуу айтылат, социалдык-нравалык мааниси таамай, күчтүү болот.

Кыргыздын өзүнүн апендиси бар

Кыргыздын апендиси — тоодо жашаган, ошол тоодо мал баккан, же малчыларга жардамчы болгон жөнөкөй бир адам, анын максаты — адилетсиз бай, жалган молдо менен күрөшүү, демократиясыз коомго өзүнүн протестин билдирүү. Ал — чечен, ал — тайманбас, ал — кыргыздын бай тилин өз орду менен пайдалана алган чебер стилист.

Адамдарды тарбиялоого багыт берет

Апендилер күлкүлүүлүгү, улуттук өзгөчөлүгү, курчтугу менен айырмаланат. Бул жанр актуалдуу темада чыгарылып, өтө тез тарагандыгы менен өзгөчөлөнөт. Эл арасында мындай чыгармаларды жараткан жана кунун кетирбей айтып берген таланттуу апендичилер болгон жана алар азыр да учурайт.

Турмуштун өзүндө апенди чалыш каармандар, ошого ылайык окуялар көп кездешет, ошолорду эле бир аз "туздап", "мурч салып" койсо жаңы апенди чыгат дешет. Мындай чыгармаларда социалдык, ыймандык маани таамай жана күчтүү болуу менен адамдарды тарбиялоого багыт берет.

Бул киши балдардын жана чоңдордун сүйүктүү каарманы

Апендинин жоруктары жаңыланып, балдар үчүн комикс китепче болуп чыкты
Апендилер балдардын жана чоңдордун сүйүктүү образы болгон. Кыргыз балдарына ар бир айылда баланча киши апенди болгон деп анын жоруктарын айтып берген. Анын кыргыз-казакка кеңири тараган бейнеси Алдар Көсөөнүн образына топтоштурулган. Бул каарманды катыштырып Токтоболот Абдумомунов комедиялык пьеса жазып, көп жылдар бою сахналарда коюлган.

Апендилер менен кыргыз элинен чыккан куудулдардын чыгармачылык ишмердүүлүгү окшош. Эл ичинен чыккан куудулдардын чыгармалары же жөн гана турганда айткан-дегендери сөздөн, сөз өнөрүнөн гана турбайт, аларды кыймыл-аракет, мимика, пантомима сыяктуу театралдык белгилер, драматургиялык каражаттар, б.а. синкреттик искусство коштоп гана калбастан, алар өз чыгармаларынын сценаристи да, режиссёру да, аткаруучусу да болгон, көрүүчүлөрсүз алардын ошол чыгармалары "өлүү" бойдон калган.

Кыргыз апендиси — кыргыз куудулдары

Айдараалынын "Көйрөң күү" деген чыгармасы куудулдук өнөр менен комузчулуктун, кыймыл-аракеттин, анын ичинде бет түзүлүшүн аябай өзгөртүүнүн натыйжасында балдардын күлкүсүн чыгарууга ылайыкташкан. Сатиралык чыгармаларды айткан же аткарган, туруш-турпаты, кыймыл-аракети менен элди күлдүргөн адамдар куудул аталып, алар бирөөлөрдү туураган (пародист), шылдыңдаган, анекдот айткан, маскарапоздук кылган, азилдешкен, аския чыгарган. Мындай таланттуу куудулдарга Куйручук деген ылакап аттуу Кудайберген Өмүрзак уулу (1866-1919), Көкөтөй Өмүрбек уулу (1849-1916), Карачунак Шылдыр уулу (1860-1960), Бекназар Арзымат уулу (1881-1953), Шаршен Термечик уулу (1896-1942), Жоошбай Борсол уулу (1840-1919) сыяктуу таанымал инсандарды кошууга болот. Алардын ар бири өзүнчө индивидуалдуулукка жана жалпылыкка ээ болуу менен стилине жорго сөз, литота, апыртуу мүнөздүү болуп, ошол сөздү драмалык элементтер коштоп турган.

Куудулдар комуз, кыяк сыяктууларды да ойной коюп, отуруп-туруп, жата калып, ар кандай кыймыл-аракеттер менен балдарга оюн-спектакль койгон, демек, алар универсалдуу талантка жетишкенде гана куудул катары эл алкышына татыган. Айрым учурда алар шартка жараша декорация даярдап, актёрлор сыяктуу грим, кийим-кечек да пайдаланган. Кээде булар да төкмөлөргө окшоп устат жана шакирт болуп, же топтолуп алышып, гастролдоп чыккан, репертуарын улам байытып жана кырдаал-шартка карата импровизациялап турган. Алардын чыгармачылыгында даяр текстке караганда оозеки ойдон чыгарылган сюжеттер, фабулалар, образдар басымдуулук кылган. Атүгүл хан сарайларда, бийлик төбөлдөрүнүн алдында, ошолорго тамаша койгон атайын куудулдар болгонун да айта кетүүгө тийишпиз. Чыныгы куудулдар сөз сүйлөй электе эле кыймыл-аракет, кебете-кешпир менен балдарды күлдүрүп, күлкүдөн эсин оодарган учурлар эл турмушунда эчен жолу болгондугу тарыхый чындык. Аларды айткан апендининин жоруктары элге тараган, ал гана эмес, өздөрү да апенди катары образга кирген.

Түгөлбай Сыдыкбековдун "Акылман куудулу"

Акаевдин алтын кол саатын "чечип алган" Жаныбек Алыкулов. Куудул тууралуу 8 факты
Көрүнүктүү прозаик, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Эл Баатыры Түгөлбөй Сыдыкбеков "Жоошбай", "Көкөтөй", "Куйручук" деген үч повесть жазган. Ал киши жаш чагынан оору менен алышып кыйналып жүрдү, кийин "улутчул" деген жарлык тагылды. Ошондо "оор күндөрдө көңүлүн көтөргөн", "ооруп жүргөндө дартына эм болгон" күлкүнүн ээси - бири Алдар Көсөө болсо, бири Апенди болгон деп, "атпай журттун акылманы, куудулу кишиге дем эткен ошо чер жазар жаркын күлкү — өмүр азыгы, өмүр ачкычы" дейт!

Бир нече автор Кудайберген (Куйручук) жөнүндө чыгармаларды жараткан. Алардын бири Эркалы Өскөналы "Кудай сүйгөн Куйручук" деген китебине "Эл аңгемелери" деген кошумча ат менен аныктама берет.

Апендинин тамашаларынын адам жашоосундагы орду

Өмүрдө тазалыкты, акыйкаттык менен адалдыкты жана да адамгерчилик жакшы сапаттарды коргоп, ошону менен катар жаман жосундарды ашкерелөөдө, пендечиликтеги майда жүрүм-турумдарды мазактоодо күлкү зор керемет күч экендигин адам баласы байыртан билген.

Апенди дүйнө элинин да сүйгөн каарманы

Апенди жалгыз эле биздин элдин күлкү-тамашасы эмес. Ал көп элдин жомогу, жакшы көргөн жакын санаалашы, адам ушундай болсо деген үмүт-тилеги. Ырас, Апендилер көп. Алсак, казактарда Кожо Насыр, өзбектерде — Насреддин Афанди, азербайжандарда — молла Насереддин, уйгурларда — Афанди же болбосо Кожо Насир Афанди, түрктөрдө — Кожо, чечендерде — Несрат же молла Наср-Эддин, гректерде — Анастратин, аварларда, сербдерде, хорваттарда — Насреддин, арабдарда — Наср ад-дин Жоха, фарстарда да ошондой, тажиктерде — Эфенди, татарларда — Насреддин ожи, түркмөндөрдө — Эпенди, бизче — Апенди. Бирок ысымдарынын аталыштарында жана анча-мынча салттарында гана айырма болгону болбосо, кылык-жорук, мүнөздөрү баарыныкы окшош. Максаттары — адалдык, актык жана ыйман сактоо, адилеттикти жактоо.

Апендиге арналып тургузулган эстеликтер

Күмөндөр Абылов: акырындап аялыңа демилгени өткөрүп бере баштайсың
Дүйнөдө апендини өзүнө таандык кылууга аракет жасаган элдер көп. Айрыкча түрктөр апендини казылык кызматка чейин жеткире сүрөттөп, бир нече китептерди жаратып, бир топ шаарларына эстелик коюшкан. Ал эми өзбектер апендинин бухаралык экенине ишенип, орус жазуучусу Леонид Соловеьевдин "Кожо Насирдин жөнүндө повесть" деген эмгегине таянып, Бухарада жашаган деген тыянакка келип, Бухара шаарына атактуу апендинин эстелигин орнотушкан. 1-апрелде салтка айланган "Кожо Насирдин апендинин" күлкү фестивалын жана илимий-практикалык конференция өткөрүшөт.