9-23-март күндөрү Эр-Рияд шаарында Төө фестивалы өттү. Анын алкагында кыргыздар "Көчмөндөр ааламы" деп аталган этнофестивалын тартуулады. Иш-чарага Кыргызстандан 14 топоз, 15 тайган, 15 бүркүт, 5 ителги жана 4 куш алып барышкан. Аттарды да жүктөп барышмак, бирок белгисиз себептер менен бул ой ишке ашпай калган.
Аталган фестивалдын уюштуруучусу Дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын спорт жана ат оюндары боюнча куратору Нурмухаммед Эшматов Sputnik Кыргызстан агенттигине келип маек курду. Ал жандыктарга документ жасоо түйшүгүн, Аравиядан ат издегенин, таң калтырган топоздор жана башка кызыктуу окуяларды айтып берди.
— Фестивалдын алдында ар бир оюнчу өзүнүн аргымагы менен кошо барат деп айтылган. Бирок иш жүзүндө атсыз кеттиңиздер. Буга эмне себеп болду?
— Аттарга ЕАЭБ жана Европанын стандарты менен эки айда документ даярдадык. Сауд Аравиядан талаптарын жибергенде даярдап койгон документтерибизге 99 пайыз туура келди. Бирок жөнөтүүгө аз калганда "өзүбүз бул жактан ат берели" деп биздин жылкылардан баш тартып коюшту. Себебин толук айтышкан жок. Бизден сыртка чыгаруу жагы кыйын болду окшойт.
— Анан ал жактан оюндарга ылайыктуу аттарды табуу кыйынчылык жараткан жокпу?
Бизге 110 ат керек болчу, ар жерден 5-10дон алып жаттык. Бир үйгө кирсек, аткана сыяктуу 15-20дан ашуун ат турган болот. Эң кызыгы, Төө-Ашуу сыяктуу бийик ашууну басып өтүп Таиф деген шаарга барсак, жапжашыл жайык. Жашылча, жемиштер да өсөт экен. Биз барган күнү жамгыр жаап, кайра басылып таң калтырды. Анткени башка жактан эч нерсеси жок чөлдү, анан төөлөрдү эле көрчүбүз. Жалаң ат менен шугулданышат экен. Арабдар жылкыны жакшы көрүп, аябай аяр мамиле кылат, этин да жебейт эмеспи. Ошол жерде жүрүп ат таптап, жарышка даярдаган саяпкер Абдурахман деген өзбек кишиге жолугуп калдык. Ал короосундагы 100дөн ашуун атты көрсөттү эле, 50дөй аргымагын алдык. Бизге жардам берип, муздаткычынан каткан жылкынын этин, чучук, казы-карта алып чыгып, жемиштерин коюп аябай сыйлап жөнөттү.
— Атттарды тандоого канча күн кетти?
— 3-марттан 10уна чейин ат тандап жүрдүк. Жакын жерге унаа, алыска учак менен барып жаттык. Шылтоо менен Сауд Аравиянын бүт жерин көрүп алдым десем болот. Арабдардыкы ат чабышка гана катыша турган күлүк аттар экен. Сөөгү жоон, чоң болуп жарышка чыкпай калгандары биздин талапка дал келди. Алып келгенден кийин 4-5 күндүн ичинде каскадеру да, улакчысы да аттарды кадимкидей үйрөтүп алышты.
— Көк бөрү да бул жактагыдай кадимки эле улак менен ойнолуптур. Текелерди каяктан алдыңыздар?
— Алдын ала теке сурасак, бизди жакшы түшүнбөй калышыптыр. Анан өзүңөр эле тандагыла деди. Эр-Рияддын базарына барып эки күндө 25 теке алдык. Аны көк бөрүгө, Көчмөндөрдүн улуу оюндарында иштеттик. Текелеринин кулагы 40 сантиметрдей узун болот экен. Бул жакта 5-6 миңге сатып алсак, ал жакта баасы 12-13 миң сомдон алдык.
— Эми топоздор тууралуу айтып берсеңиз. Каяктан чогултуп, кантип алып бардыңыздар?
— Жетекчибиз Аскат Акибаев "топоздор менен да шоу көрсөтсөк жакшы болмок" деп калды. Бирок убакыт аз калган, Кочкорго барсак, бирөөнүн миң топозу бар экен. Андан 14 топоз алып Бишкекке жеткирдик. Көчмөндөр оюндарында Чоң-Алайдан келген саяпкерлер топоз минип жарышып, эр эңишке чыгып, көк бөрү да ойногон эле. Алар менен сүйлөшүп, чакырсак 10 күндүн ичинде бул топоздорду үйрөтүп коюшту.
Сауд Аравияга алып бардык, атайын сарай куруп, ичине чоң кондиционер коюп муздатып, жем-чөбүн даярдап жакшы шарттарды түзүп коюшуптур. 30 градус суукта жүргөн топоздор, жылуу жакка барганда кантет деп сарсанаа болгонбуз. Кудайга шүгүр, фестиваль бүткөнчө оюндарга катышып, оору-сыркоо жабышкан жок.
— Фестивалда топоздор көпчүлүктүн көңүлүн буруп жатты окшойт...
— Топоздор чыкканда арабдар аябай таң калышты. Бул кандай жаныбар деп кызыгып, сатып алууну сунуштагандар болду. Биз макул болгон жокпуз, анткени биз убактылуу чыгарууга гана документ алганбыз. Ошондуктан мыйзам боюнча баары кайтып келиши керек.
Арабдарды бир нерсе менен таң калтыруу аябай кыйын экен. Жабылыш аземинде өкмөт башчынын жанында Сауд Аравиясынын королу баласы экөө отурду. Топоздор өтүп, салттуу бийлер бийленип, комуз чертилгенде алар да башкача реакция жасады. Арабдардын режиссеру да нукура салтыңар аябай жакты деп калганын айтышты. Булар нукура кыргыздын эч кимге байланбаган маданиятын көргүсү келген экен.
Топоз менен эр эңиш, көк бөрү оюндарын да көрсөтүүнү пландаганбыз. Бирок парадга, жарышка чыгып жатып эле жетише албай калдык. 15 гектар жерге өз шаарчабызды курганбыз. Балдар топоздорду минип кыдырып жүрө беришет. Арабдар келип кызыгып минип, сүрөткө түшүп жатты.
— Азыркы убакта жандыктар кайсы жерде кармалып турат?
— Эр-Рияддагы фестиваль өткөн жерде. Жогоруда айткандай, тайган, куш, топоздордун баары өзүнө ылайыкталган сарайда кармалып турат. Бардыгы карантинге киргизилген. Кудай буюрса, апрелдин 10уна чейин келип калат. Ээлери да ошол жакта, карантин бүткөндө кайтышат.
— Жандыктарды алып барууга кандай документ жасалды?
— Кызыл китепке кирген куштарга паспорт алуу, ветеринардык кызматтан өткөрүү оңойго турган жок. Ар бирине паспорт, чакан чип алдык. Ал бажыдан өтүп жатканда чиптин номери паспортко жазылат, аны алмаштыра албайсың. Топоз, ат, тайгандардын канын лабораторияга тапшырып текшерттик, сегиз оору боюнча эмдөөдөн өткөрдүк. Көбү эле таза чыгып жатты, мисалы, 110 аттын үчөө-төртөөнөн оору табылды. Топоздор таза чыкты. Ал эми куштардан кан алынган жок, башкача ыкма менен кароодон өттү. Эмдей турган дарылардын кээ бирин Голландиядан алдырдык. Бул бизге аябай чоң тажрыйба болду. Эми башка мамлекетке чакырып калса, жаныбарлардын документин даярдоо анча меселе жаратпайт.
— Чет элдиктер Кыргызстан тууралуу маалымат ала алыштыбы?
— Фестивалда Кыргызстан жөнүндө Ливия, Сирия, Оман, Бахрейн, Катар, Египеттен баштап бүт араб өлкөлөрү билди. Келген конокторго Кыргызстан тууралуу айтып, кинолорду, маданий иш-чараларды көрсөтүп жаттык. Мындайча айтканда, 30дай араб өлкөсү жакшы ойдо калды. Бүркүттөрдү көргөндө аябай таң калышты.
Ал жакка Өзгөн күрүчүнөн үч тонна, эки тонна сабиз алып барганбыз. Күнүнө 300 килограмм палоо басып, эки жерде тандырга нан жаап бекер таратып жаттык. Арабдар нан, палоону жегенде тамшанып, рахматын айтып жатышты. Кийин көнүп калышкан, тамак даяр болордо келип тизилип туруп калышчу болду.
— Өзүңүзгө эмне ала алдыңыз?
— Королдун буйругу менен Кыргызстандан баргандардын баарын Меккеге алып барышты. Бизди Кабанын жанындагы дүйнөдөгү эң чоң Аль-Харам мечитинин кызматкерлери, имамдары өздөрү жетелеп жүрүп зыярат кылдыртты. Бул да жеке мен үчүн аябай чоң сый-урмат, Кудайга шүгүрчүлүк кыла турган жагдай болду.