Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Республика боюнча жаан-чачын күтүлүп, айрым жерлерде карга айланат.
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү республика боюнча жаан жаап, Ысык-Көл облусунда жамгыр карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй облусунда +12…+17, Таласта +14…+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13…+18 градус, Нарын аймагында +11…+13 градус жылуу болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан жаап, абанын температурасы +15…+17 градуска чамалап барат. Борбор калаада шамалдын ылдамдыгы айрым учурларда секундасына 14 метрге жетери белгиленди.