Казакунова жана анын командасы аялдарга эле эмес, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, алардын ата-энелерине да колдоо көрсөтүп, мындай адамдарга коомчулуктун көз карашын өзгөртүүгө аракет жасоодо.
Гүлмира Казакунова Sputnik Кыргызстан агенттигине башынан өткөргөн тагдыры жана жасап жаткан иштери тууралуу айтып берди.
— Өзүңүз тууралуу айтып бересизби? Арабада отурганыңызга көп болдубу?
— 19 жашыман бери.
— Жол кырсыгына кабылдыңызбы?
— Жок, кичине кезимде бир бала менен ойноп жатып ал мени чуңкурга түртүп жиберген. Анда 12 жашта болчумун. Оюнга алаксып, көп деле ооруган эмес. Кийин мектепти бүтүп Бишкекке келип медициналык окуу жайга тапшырдым. 1-курста эле турмушка чыгып, кош бойлуу болдум. Анда 19 жашта болчумун. Түйүлдүккө сегиз ай болуп калганда эки бутум баспай калды. Бир күндүн ичинде эле баспай калдым. Көрсө, баягы кичине кезде жыгылганда жүлүнүм жабыркаптыр. Билинбей жүрө берип турмушка чыгып, боюма бүткөндө күч келип, сасык тумоо да болгом, ал кошул-ташыл болуптур...
— Төрөтүңүз кандай болду анан?
— Эмнеден баспай калганымды дарыгерлер так аныктай албай төрт-беш оорукана бири-бирине жөнөтүп жатты. Аягында нейрохирургиядан "жүлүн жабыркаптыр" деген диагноз коюшту. Ай-күнүмө жетип, төрөдүм. Бирок баламды көргөн жокмун.
— Кандайча?
— Операция менен төрөп кыздуу болгонбуз. Бирок "кызың башкача төрөлдү" деп көрсөтпөй коюшкан. Көрсө, эки күндөн кийин эле чарчап калыптыр...
— Баспай калышыңызды жолдошуңуз кандай кабыл алды?
— Жолдошум өзү дагы хирург. Окуу жайдан мен 1-курс, ал 5-курс кезинде таанышып, баш кошконбуз. Колунан келген жардамын көрсүп, моралдык жактан да жөлөп-таяды. Бир жыл төшөктө жаттым. Бирок апам менен атамдын эжеси карап жатып, акыры балдак менен басып, андан кийин таякка өтүп окуумду уланттым. Институтту аяктаганга чейин үч уулдуу болдук.
— Анан кандайча кайра арабага отуруп калдыңыз?
— 2009-жылы бир долбоор боюнча аймактарды кыдырып жүрүп, автоунаабыздын меши жылыбай аябай үшүгөм. Келгенден кийин эле кайра оорум козголуп, экинчи ирет бутум баспай арабага отуруп калдым.
— Балдарыңар чоңоюп калды беле?
— Ооба, кичүүсү 11-класста окучу. Азыр алар үй-бүлөлүү, бала-чакалуу болушкан. Бири ИИМдин академиясын, бири медициналык академияны бүткөн.
— Коомдук иштер менен алектенсеңиз эки жакка көп чыкканга туура келет эмеспи. Дайыма бир адам караш керекпи?
— Аябай деле кароого муктаж эмесмин. Үйдө жалгыз эле жашап, баарын өзүм кылам. Болгону күндүз жумушка бир кызды алгам. Ал кызматчы катары айлык алып майда-чүйдө жумуштарды бүтүрүп иштейт.
— Жолдошуңузчу?
— Экөөөбүз учурда чогуу жашабайбыз. Анын башка үй-бүлөсү бар.
— Басып жүрүп баспай калганда психологиялык жактан оор сокку болсо керек...
Мындай абалга түшүп, ага көнүп, жашоону андан ары улантууга Мүмкүнчүлүгү чектелген көз карандысыз уюмду жетектеген, балдак менен баскан Асипа Мусаева үлгү болду. Аларды көрүп майыптыгы бар адамдар деле чоң иштерди жасай аларына көзүм жетип, оюм өзгөрүп, акыры алты жылдан кийин өзүмдү мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп кабыл алдым.
Киши канчалык бул нерсени кабыл алгысы келбей, кайгырып, өмүрүн жөн эле өткөрүп жиберет. Анткен болбойт экен. Коомдук бирикмени да башкаларга үлгү болуп, көп нерсе жасаса болорун далилдөө үчүн ачкам.
— Дарыгер болуп такыр иштеген жоксузбу?
— Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн лабораториясында иштедим. Бирок өзүмдү коомдук иштерге жакын экенимди сезип ушул багытка ооп кеттим.
— Коомдук бирикмени кайсы жылдары түптөдүңүз?
— 2004-жылы түзүлгөн. Башында "Ысык-Көл облусунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук бирикмеси" деп аталчу. 2019-жылдын февраль айынан бери "Ысык-Көл облусунун" деген аймактык атын өзгөрттүк. Анткени азыр республикалык деңгээлде иштеп баштадык. Максатыбыз — коомдун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга болгон көз карашын өзгөртүү. Элде майыптыгы бар адамдарга карата алар окуй албайт, иштей албайт, үй-бүлө кура албайт деген калыптанып калган стереотиптер бар эмеспи. Бирок алар деле адам, окуп, иштемек тургай, үй-бүлө да кура алат. Биз аны далилдеп жатабыз. Азыр беш багытта иш алып баруудабыз.
Алсак, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоп, мамлекеттин майыптыгы барларга карата түзгөн программалары канчалык деңгээлде аткарылып жатканына мониторинг жүргүзөбүз.
Майыптыгы бар кыз-келиндердин көйгөйүн да унутта калтырган жокпуз. Себеби коомдо мындай аялдарга дискриминация эки эсе көп. Алар зордук-зомбулукка туш болот. Бул тууралуу айткандан тартынышат, коркушат. Коомдук бирикмебиз Борбор Азиядагы майып аялдардын потенциалын өнүктүрүү түйүнүнүн координатору болгондуктан мындай аялдардын укугун коргоп, потенциалын жогорулатуу боюнча иштерди алып барып жатабыз.
— Мисалы, кандай иштер?
— 2016-жылдан 2021-жылга чейин түзүлгөн долбоордун негизинде майыптыгы бар кыз-келиндерге турмушка чыгуу, эне болуу, жумуш менен камсыз кылуу боюнча тренингдер өткөрүлүүдө. Жакында эле кыз-келиндерге жатып окуй турган жай ачтык. Ал жакта жөн эле жата беришпей маникюр, макияж, түймө түйүү сыяктуу ар кандай курстар өтүлөт. Жакында кулинария боюнча да сабактар башталат.
— Мындай курстарга өлкөдөгү бардык эле майыптыгы бар кыз-келиндер катыша алабы? Талаптары кандай?
— Мисалы, тырмак жасаганды үйрөнөм деген кыздардын колу күчтүү болуп, көзү жакшы көрүш керек. Катышам дегендер анкета толтуруп ошонун негизинде тандалат. Былтыр 10 кыз-келин окуган, быйыл дагы ону окуп жатат. Эми дагы беш кыз алабыз. Бүткөндөн кийин көбү үйлөрүнөн иштейт. Салонго деле барса болот, бирок ал жактарда көп учурда шарт жок.
— Майыптыгы бар аялдар көбүнчө кандай маселелер менен кайрылышат?
— Силердин жардамыңар менен турмушка чыгып, балалуу болгон кыз-келиндер барбы?
— Ооба, көп эле. Бир кыз бар эле. Тунгуч баласы боюнда бар кезинде ата-энеси болбой жатып алдырып салган. Экинчи ирет боюна бүткөндө "эмне кылам" деп бизге келиптир. Барып ата-энесин "баары жакшы болот" деп ынандырганбыз. Кызы жакшынакай уул төрөдү. Азыр баласы төрткө чыгып калды, таене-таятасы үзүлүп түшүп жанынан чыкпайт.
Дагы бир Гүлмайрам деген "хрусталь" ( бут сөөгү өспөй калган) кыз бар. Жайкы лагерде үй-бүлөнү пландоо боюнча тренингге катышкан. Анда акушер-гинеколог сабак өтүп "суроолоруңар болсо, кайрылсаңар болот" дептир. Гүлмайрам ошол дарыгерге консультацияга барып жүрүп кош бойлуу болгон. Бирок дүйнөдө хрусталь аялдардын алты гана пайызы көз жарыптыр. Мындан улам ак халатчандардын көбү "жүрөгүң чыдабай өлүп калышың мүмкүн" деп коркуп каршы болушкан. "Эмне кылсам" деп мага келди. "Тобокелчилик бар, бирок өзүң танда" дедим, экинчи балам балдар кардиологу болгондуктан "көрүнүп келчи" деп ага жөнөттүм. Ал жактан баары таза деп чыгарып беришиптир. Ошентип Гүлмайрам аман-эсен кыз төрөдү. Азыр наристесине алты ай болду. Жолдошу дагы майыптыгы бар, базарда бут кийим тигип иштейт.
— Мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер силерге каалаган маселеси боюнча кайрылса болот турбайбы?
— Албетте, баарына эшик ачык. Бирок 16 жаштан өйдө болушу зарыл, анан материалдык жардам бере албайбыз. Колубуздан келгени окутууларга катыштырып, деңгээлин, ой-туюмун өстүрүп, көз карашын өзгөртүүгө көмөктөшөбүз.
Баса, азыр бизде Baby box деген долбоор башталганы турат. Анда биз кош бойлуу же жаңы көз жарган майыптыгы бар кыз-келиндерге сеп беребиз. Алар беш айлык мөөнөткө чейинки наристелердин апасы болушу зарыл. "Септин" ичинде ымыркайга зарыл болгон кийим-кече, памперс, самын жана башкалары бар.
— Кыргызстан БУУнун майыптардын укугу боюнча конвенциясын ратификациялабадыбы. Бул кагаз түрүндө эле калып калбаш үчүн сиздер да аракет кылып жатсаңыздар керек.