Бишкекте жоогазын бажырайып гүлүн ачты. Ажайып сүрөттөр

Шаардагы 25 клумбага жоогазындын 18 түрү тигилген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы тарабынан былтыр күздө тигилген жоогазындар гүлдөй баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шаардагы 25 клумбага жоогазындын 18 түрү тигилген.

"Жоогазын Курманжан датканын эстелигинин, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдына, Түштүк магистралга, Ахунбаев менен Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишине, Ибраимов — Жумабек, Гоголь — Чүй, Масалиев көчөлөрүнө, өкмөттүн имаратынын алдына жана башка коомдук жайларга тигилген", — деп айтылат маалыматта.

Ош шаары: өз аймагын мыкты көрктөгөндөргө сыйлык берилет
Гүлдөр толук ачкандан кийин жоогазындын түбү жерден казылып, кургатылып, күзүндө кайрадан отургузулат.

Жоогазындын ордуна 28 түр бир жылдык гүлдөр тигилет. Алардын арасында тагетес, сальвия, георгин, пеларгония, тунбергия, цинерария, антирринум, агератум, бегония, колеус, катарантус, канна, седум, алиссум, стахис, портулак, каланхоэ, кохия, гацания, петуния, вербена, буксус, агава, лобелия, гипсофила гүлдөрү бар.