Путин башка президенттерден эмне белек алган. Сүрөттөр

Sputnik

Мамлекеттик сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков башында турган үлкөндөр коштогон топ "Ала-Арчадан" Путинге Дон тукумундагы аргымак жана алты айлык тайган тартуулады. Sputnik Кыргызстан агенттиги Путинге башка президенттер кандай белектерди тартуулаганын тизмектеди.

1 / 10
24-март, 2013. Россиянын президенти Владимир Путин Баффи жана Юмэ аттуу иттери менен сейилдеп жүргөн учуру. Москва облусу. Баффи – болгар овчаркасы болсо, Юмэ — акито-ину тукумундагы ит.
2 / 10
28-март, 2019. Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков мингизген Орлов тукумундагы аргымакка жем берүүдө. Бишкек
3 / 10
Россиянын президенти Владимир Путин Юмэ ити менен Кремлде "Ниппон" телекомпаниясы менен "Иомиури" басылмасына маек берүүнүн алдында. Интервью Японияга жасалуучу расмий сапардын алдында жасалган
4 / 10
Россиянын премьер-министри Владимир Путин туулган күнүнө белекке алган жолборстун күчүгүн журналисттерге көрсөтүп жатат. 2,5 жарым айлык бул жаныбар Ново-Огарево резиденциясындагы зоопаркка өткөрүп берилген
5 / 10
9-декабрь, 2010. Россия өкмөтүнүн жетекчиси Владимир Путин Подмосковьедеги резиденциясында Баффи аттуу ити менен
6 / 10
28-март, 2019-жыл. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков белек кылган тайгандын 6 айлык күчүгү — Шерхан менен
7 / 10
11-октябрь, 2017. Россия лидери Владимир Путин менен Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедов жолугушуу учурунда. Түркмөн башчысы россиялык кесиптеши Путиндин туулган күнүнө алабайдын күчүгүн белек кылган.
8 / 10
17-январь, 2019-жыл. Россиянын президенти Владимир Путин Сербиянын башчысы Александр Вучич тартуулаган шарпланин овчаркасынын күчүгү менен
9 / 10
Россиянын президенти ага тартууланган Вадик аттуу пони менен. Казань шаары. Италиянын премьер-министри Сильвио Берлусконинин резиденцияларынын биринде.
10 / 10
17-октябрь, 2008-жыл. Россиянын лидери Владимир Путин. Биринчи планда — каргысы ГЛОНАСС навигациялык системасы менен жабдылган лабрадор Кони. Итке каргыны РФтин вице-премьери Сергей Иванов белек кылган.