Казак президенти Токаевдин аялы жокпу? Расмий маалымат

Токаевдин ата-энеси, билими, кызыккан нерсеси жана үй-бүлөлүк абалы тууралуу кенен маалымат чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев аялы менен ажырашып кеткен. Өлкө башчынын өмүр баяны тууралуу кенен маалымат Акорданын расмий сайтына чыкты.

Анда Токаевдин ата-энеси, билими, кызыккан нерсеси жана үй-бүлөлүк абалы тууралуу жазылган.

Касым-Жомарт Кемелевич 1953-жылы 17-майда Алматы шаарында туулган.

Ата-энеси:

 Атасы Кемел Токаевич Токаев (1923-1986) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, белгилүү

жазуучу, казак адабиятында детектив жанрына из салган. Апасы Турар Шабарбаева (1931-2000) Алматы педагогикалык институтунда чет тилден сабак берген.

Билими:

1975-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун (МГИМО) аяктаган. 1983-1984-жылдары Пекиндеги лингвистикалык институтунда стажировкадан өткөн.

1992-жылы Россиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясын аяктаган. 

Кызыктуу фактылар:

Эл аралык мамилелер жөнүндө 10 китептин автору.

Сергек жашоо мүнөзүн колдойт. Көркөм, саясий чыгармалар менен мемуарларды окуганга кызыгат.

Ажырашкан. Аялы Надежда Давыдовна Токаева айрым маалыматтар боюнча учурда Москва шаарында жашайт.

Тимур аттуу бир уулу бар.

Буга чейин Токаевдин атасы Кемел 30-жылдардагы ачарчылыкта  ата-энеси менен Кыргызстанга келип, Фрунзеде жашаганы белгилүү болгон