Жээнбеков Путинге аргымак мингизип, тайган жетелетти

Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген РФ лидери Владимир Путинге аргымак мингизип, тайгандын күчүгүн тартуулады. Бул тууралуу президенттин ишин чагылдырган журналисттерге таянып РИА Новости жазды. 

​​Маалыматта аргымак Орлов тукумунан экени, ал эми күчүктүн аты Шерхан экени айтылды.