Россиялык ишкерлерди кызыктыра турган үч нерсе аталды

Жээнбеков ошондой эле өлкөдө өз кесибин мыкты билген адистер бар экенин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Электр энергиясынын арзандыгы менен салыктардын төмөндүгү россиялык ишкерлерди тарта турганын президент Сооронбай Жээнбеков айтты.

"Бизде аймактагы ийкемдүү либералдык фискалдык режим иштейт. Арзан ресурстар, анын ичинде электр энергиясы да бар. Кыргызстандагы электр энергиясынын баасы КМШ мамлекеттеринин ичинен эң арзан", — деди ал.

Жээнбеков ошондой эле өлкөдө өз кесибин мыкты билген адистер бар экенин жана экономика сектору чет элдик инвесторлорго ачык экенин кошумчалады.

Бишкектеги "Хаят" мейманканасында кыргыз-орус аймактар аралык VIII конференция өтүп жатат.