Маданият министри Эл артисти Замирбек Сооронбаевден кабар алды

Актер 2015-жылы инсульт илдетине кабылып, учурда үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Маданият министри Азамат Жаманкулов 27-мартта белгиленген Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата КР эл артисти Замирбек Сооронбаевдин үйүнө барып, акыбалын сурады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маданият министри Эл артисти Замирбек Сооронбаевден кабар алды

Маданият министри жаачы Асланайымдын азыркы абалынан кабар алды
Министр актердун жубайы, КРдин эмгек сиңирген артисти Калича Сейдалиеваны дагы кесиптик майрамы менен куттуктады.

Жолугушуу учурунда министр Замирбек Сооронбаевге чыныгы актердук чеберчилиги, аткарган ролдору үчүн ыраазычылык билдирип, учурдагы театр тармагында болуп жаткан жаңылыктар тууралуу баарлашты.

Эске салсак, Замирбек Сооронбаев 2015-жылы инсульт илдетине кабылган. Учурда үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө.