Владимир Путинди тосуп алуу салтанаты башталды

Россия президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Владимир Путинди тосуп алуу иш-чарасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Россия президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.

Жээнбековдун резиденцияда Путинди күтүп турган учуру. Сүрөттөр
Эки өлкөнүн гимни жаңырып, Ардак кароол тосуп алды. Путин Жээнбековдун коштоосунда кыргыз делегациясы менен учурашып чыкты. Андан соң Жээнбеков россиялык делегациянын өкүлдөрү менен саламдашты. 

Тараптар тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушууларды өткөрүшөт. Андан соң бир нече маанилүү документтерге кол коюлуп, ЖМК өкүлдөрү үчүн маалымат жыйыны өтөт.

План боюнча президенттер андан ары Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине, Кыргыз-Россия региндор аралык VIII конференциясына барышат.

Протокол боюнча мамлекеттик сапардын салтанаттык бөлүгүнө президенттер, делегация мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышат.