БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстанга келген Россиянын президенти Владимир Путинди "Манас" аэропортунан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Расмий кездешүү мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтөт.
Мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң кыргыз-орус делегацияларынын мүчөлөрү кеңири форматта жолугат.