БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков менен чогуу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейине барды. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчылары үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп, атайын китепчеге өз каалоо-тилектерин жазышты.
Эске салсак, Владимир Путин 28-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген.