Путинди тосуп алган Жээнбеков. Кызыктырган лимузин, какайган аскерлер. Сүрөт

Sputnik

Сапардын алкагында тараптар тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушууларды өткөрдү. Бир нече маанилүү документтерге кол коюлуп, ЖМК өкүлдөрү үчүн маалымат жыйыны өттү.

Андан соң президенттер Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине, Кыргыз-Россия региндор аралык VIII конференциясына барышат.

Протокол боюнча мамлекеттик сапардын салтанаттуу бөлүгүнө президенттер, делегация мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышат.

1 / 10
Россия лидери Владимир Путин "Ала-Арча" өзүнүн Aurus лимузини менен келип түштү
2 / 10
Путин өзүнүн ок өтпөс Aurus унаасынан түшүп жаткан учуру
3 / 10
Путинди Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды
4 / 10
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков жана мамлекеттик сапарды чагылдыруу үчүн келген россиялык журналист
5 / 10
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Россия лидери Владимир Путин менен
6 / 10
Улуттук Гвардиянын Ардак кароолу президенттерди күтүп турган учур
7 / 10
Кыргызстан менен Россия саясий өнөктөштөр. РФ президентинин мамлекеттик сапары кызматташууну дагы арттырмакчы
8 / 10
Путин Ардак кароолдун аскерлери менен таптак кыргызча "Салам, аскер!" деп учурашты
9 / 10
Путин конгресс-холлго саат 12.25те келди. Салтанат Россия гимни менен башталып, андан соң аскердик оркестр Кыргызстандын гимнин аткарды.
10 / 10
Жээнбеков менен Путиндин тар чөйрөдөгү жолугушууга кирип бара жаткан учуру. Сапардын аягында эки мамлекеттин президенттери журналисттер үчүн жыйын куруп, 30дай документке кол коюлат.