Тарыхый ирмемдер... Путиндин сапары сүрөт түрмөктө

Sputnik

Путин Жээнбеков тартуулаган аргымакка жем берип, тайганды сылады. Видео
Россия президентинин учагы Кыргызстандын "Манас" аэропортуна 28-март күнү эртең менен конду. Путинди аба майдандан КР президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алып, андан кийин мамлекет башчылар "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына келишти.

Ал жакта Россия лидерин расмий тосуп алуу салтанаты өтүп, Путиндин Ардак кароол аскерлери менен "Салам, аскер!" деп кыргызча учурашуусу көңүл бурарлык ирмем болду.

Андан соң тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулар өтүп, анын жыйынтыгы менен 17 макулдашууга кол коюлду.

1 / 13
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков россиялык кесиптеши Владимир Путинди "Ала-Арча" резиденциясынан тосуп алууга даярданып жатат.
2 / 13
Владимир Путин Бишкекте Россиядан ала келген Aurus лимузини менен жүрдү
3 / 13
Владимир Путиндин резиденцияга келип түшүшү
4 / 13
Ардак кароол мартабалуу мейманды тосууда
5 / 13
Путин менен Жээнбеков бири-бирин салтанаттын расмий бөлүгүндө эки өлкөнүн делегациялары менен тааныштырды.
6 / 13
Путиндин жоокерлер менен "Салам, аскер" деп кыргызча учурашуусу көңүл бурдурган ирмем болду
7 / 13
Аскерлердин жүрүшү
8 / 13
Жээнбеков менен Путиндин тар жана кеңири форматтагы жолугушуусанан кийин билдирүүсүн күтүп жаткан учур
9 / 13
"Сиздин мамлекеттик сапарыңыз кыргыз-орус мамилелеринде урунттуу тарыхый окуя болуп калары шексиз", — деди Сооронбай Жээнбеков.
10 / 13
Россия лидери Владимир Путин президент Сооронбай Жээнбековдун аракети менен Кыргызстанда абал туруктуу болуп жатканын белгиледи.
11 / 13
Эки президенттин бирфингидеги журналисттер менен делегация мүчөлөрү.
12 / 13
Жолугушуунун жыйынтыгы менен 17 макулдашууга кол коюлду
13 / 13
Путин быйыл Бишкекке дагы эки ирет келерин белгиледи. Эскерте кетсек, Кыргызстанда июль айында ШКУ, ал эми ноябрда ЖККУ саммиттери өтөт.