Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 30 млн. доллар берет. Ал кайда жумшалат

Финансылык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Россияга кыргыз бийлиги кайрылган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россия өкмөтү Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо иретинде кайтарымсыз 30 миллион доллар берет. Бул тууралуу Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун сөзүнө таянып РИА Новости жазды.

Буга чейин Россия Кыргызстандын насыя боюнча 240 миллион доллар карызын кечкен.

"Март айынын башында Россия өкмөтү кыргыз тараптын өтүнүчүн аткарып, мамлекеттик бюджетке колдоо көрсөтүү максатында 30 миллион доллар бөлүүнүн чечти", — деди Ушаков.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 2019-жылга карата республикалык бюджети 10 миллиард 256 миллион сомдук дефицит менен бекиген.