Өлүм тооруган британиялык кыз жүрөк оорутуп, тилектеринин тизмесин түздү

Дарыгерлер ага түш көрүп жатканда деле өлүп калышың мүмкүн деп эскертишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Коркунучтуу илдет менен алышкан британиялык кыз өлүм алдында тилектеринин тизмесин түзүп, соцтармак колдонуучуларын жашытты. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия жазды.

Улуу Британиянын 23 жаштагы тургуну Жейд Дэвиске дарыгерлер 2017-жылдын март айында "мальформация" деген диагноз коюшкан.

Юлия Началованын атасы: өлүмүнө кызым өзү күнөөлүү
Оорудан күнүнө кыздын көрүүсү начарлап, колдору калтырап, тарамышы тырышып калат.

Кээде түнкүсүн бир нече мүнөткө дем албай калат. Дарыгерлер ага түш көрүп жатканда деле өлүп калышың мүмкүн деп эскертишкен.

Бирок ал көз жумганга чейин көп нерсени аткаргысы келет экен. Мындан улам анын үй-бүлөсү кыска мөөнөттө кызынын каалоо-тилектерин аткаруу үчүн акча чогултууну чечкен.

Өлүм тооруган өспүрүм кыздын тилектеринин ичинде учактан парашют менен секирүү, Париждеги "Диснейлендге" саякаттоо жана X-Factor жылдызы Жеймс Артур менен жолугушуу бар.

Тизмесинин башына Таиландга баруу жазылган.