Песков: Путин бүгүн кечинде Бишкекке учат

Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин шаршемби күнү кечинде Бишкекке учат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Владимир Путин бүгүн кечинде Бишкекке учат. Президент ал жакка мамлекеттик сапары менен барат", — деди Песков.

Россия президентинин мамлекеттик иш сапарынын алдында Бишкекте "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясы өттү.

Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анын алкагында 25 документке кол коюу күтүлүүдө.