Бейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. 28-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, айрым жерлерде карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүйдө +13…+18, Талас облусунда +14…+16 градус жылуу болот.

Баткен, Жалал-Абад жана Ош жергесинде күндүн табы +14…+19 градуска жетери болжолдонду.

Ысык-Көл аймагында +12…+14, Нарын облусунда +9…+11 градус болору айтылууда.

Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, абанын температурасы Ошто +16...+18 градус болсо, Бишкек шаарында +15…+17 градус жылуу болот.