БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары Зимбабведеги аңчынын жөн жаткан арстанды аткылоого алып, көңүл ачкан видеосуна кыжыры кайнагандыгын билдирүүдө.
Бул маалымат социалдык тармактардын бирине тараган.
The Daily Mail басылмасы Зимбабведе 2011-жылы болгон жан ачыткан окуяны жарыялады.
Жаныбарларды коргоо коому аны элге эми гана жарыялап отурат. Аталган уюм муну менен жапайы жаныбарлар Африка континентинде кантип адамдардын оюнчугуна айланып жаткандыгын көрсөтүүгө аракет кылган.
"Бул аңчы сөрөй уктап жаткан арстанды аңдып отуруп, акыры өлтүрүп тынган! Кыжырыңды гана келтирет", — деп жазылган видеонун алдына.
Ролик кыска убакыттын ичинде элге тарап, көптөрдүн кыжырдануусун жаратты. Бир катарлары жаныбардын тагдырына жүрөгү ооруп, көзүнө жаш айлангандыгын жазган.
Социалдык тармактын колдонуучулары "аңчынын" Иллинойс штатынын 64 жаштагы жашоочусу Гая Горни аттуу адам экендигин таап чыкты. Буга чейин ири 70 жаныбарды атып өлтүргөндүгү да маалым болду. Гая Горни кериктин, пилдин өлүктөрүнүн жанында туруп түшкөн бир нече сүрөтүн интернетке жайгаштырган.
Социалдык тармактын колдонуучулары ал адамды таш боор, монстр, оорулуу деп атап, тезирээк дарыгерге көрсөтүү зарылдыгын жазышкан.
"Балким, ушинтип адамдарды да өлтүрүп жүргөн чыгарсың?" — деген суроо узаткан Пирс Морган аттуу теле алып баруучу.
National Geographic мындай темп менен кете берсек, 2050-жылы арстандардын тукуму курут болушу мүмкүн деген божомолду берген.