Жээнбеков менен Путин экинчи база ачууну талкуулайбы? Президенттик аппараттын жообу

Сүйлөшө турган кептин бир өңүтү аскердик-техникалык кызматташуу жаатында болмокчу.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин экинчи аба базаны ачуу маселесин талкуулабайт. Бул туурасында президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.

"Аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуунун алкагында Россиянын бириккен аскер базасынын Кыргызстандын аймагына келиши жана статусу боюнча 2012-жылы түзүлгөн макулдашууну өзгөртүү боюнча протокол даярдалып жатат. Тиешелүү сүйлөшүүлөр жүрүп, учурда аягына чыгайын деп калды. Мен ушул жерден дароо эле айта кетейин, экинчи базаны ачуу боюнча талкуу президенттердин күн тартибинде жок", — деп айтты ал.

Жылдын башында экинчи аскер аба базасын ачуу боюнча талкуу жүргөн эле.

Путин Бишкекке келгенде үч негизги маселе талкууланат
Белгилей кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет мамлекеттик сапар менен 28-мартта келет.

Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапары — быйылкы жаздын эң урунттуу окуясы. Саясатчылардын, ишкерлердин, карапайым элдин жана мигранттардын бул визиттен үмүтү чоң. Sputnik Кыргызстан өлкөнүн саясий турмушунда маанилүү болгон сапардан кийин эмне өзгөрүп кетерин эксперттерден сурап көрдү.