БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Былтыр Дубайда өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада биринчи орунду алган Айсанат Жеңишева быйыл да Анталиядагы олимпиадага жолдомо алды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окуучу кыздын апасы Мээрим Бейшекеева билдирди.
Эскерте кетсек, Бейшекеева былтыр да таланттуу кызын олимпиадага жөнөтүүгө шарты болбогондуктан коомчулуктан көмөк сураган. Бул боюнча материал Sputnik Кыргызстан агенттигине чыккандан кийин жардамга кол сунгандардын катары калыңдап, тиешелүү каражат чогулган. Мунун жардамы менен ал Дубайга барып дүйнөлүк олимпиадага катышып биринчи орунду уткан.
"Кызым республикалык олимпиададан чемпиондордун чемпиону болуп утуп чыккан. Дүйнөлүк олимпиадага жолдомо алганыбыз менен ага кетчү чыгымдарды жаныбыздан төлөшүбүз керек. Айсанат быйыл тогуз жашта, менталдык афирметиканын 10-баскычына жетип жыйынтыктайт. Бул жаатта соңку олимпиадасы да болуп калышы мүмкүн. Андыктан катышууга ынтызар болуп жүрөт. Марттын аягына чейин каттоого 200 доллар төлөшүбүз керек. Аны да төлөй элекпиз", — деди окуучу кыздын апасы.
Менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиада Түркиянын Анталия шаарында ушул жылдын июнь айында өтөт.
Айсанаттын менталдык арифметика жаатындагы жөндөмү тууралуу таанышкыңыз келсе, буга чейин даярдалган материалга баш багыңыз.