Табышып койгула! Токмокто 14 жаштагы кыз жоголуп кетти. Сүрөт

Өспүрүм үйдөн 17-мартта саат 07:30дар чамасында чыккан боюнча дайынсыз.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Токмок шаарында укук коргоочулар дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Лейла Сусинаны издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Табышып койгула! Токмокто 14 жаштагы кыз жоголуп кетти. Сүрөт

Өспүрүм үйдөн 17-мартта саат 07:30дар чамасында чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек.

48 саатка жоголуп кет. Өспүрүмдөрдүн өксүктүү "оюндары" күчөп жатат
Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы сары, кой көз, үстүндө спорттук кийим — шымы кара, костюму бозомтук жашыл түстө. Бутуна кара түстөгү спорттук бут кийим кийген.

Кызды көргөн-билгендер болсо, Токмок ИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 0-321-60-73-63, 0-313-8-6-31-02, 0709-07-21-56, 0551-102-753 номерлери аркылуу байланышып же 102ге кабарлап коюну өтүнөт.