Сауд Аравия королу Кыргызстан менен алаканы өнүктүрүүгө даяр

Эки жумага созулган фестивалда 2000ге чукул кишиден турган кыргыз делегациясы өз өнөрүн тартуулады.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Сауд Аравия королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд Кыргызстан менен достук мамилелерди жана эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү үчүн көтөрүлгөн демилгелерди колдоого даяр. Бул тууралуу ал КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушуу учурунда айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча Абылгазиев аталган өлкөгө 23-мартта Camel Fest маданий иш-чарасынын жабылуу аземине катышуу үчүн барган.

Эр сайышка чыккан Улукбек: аравиялык шейх баламды үйрөтүп бер деп суранды
Эскерте кетсек, Camel Fest 9-мартта башталып, 23-мартка чейин уланды. Ага Кыргызстандан 2000ге чукул спортчу, өнөрпоз, кол өнөрчүдөн турган делегация катышып, "Көчмөндөр ааламы" фестивалынын алкагында өнөрүн көрсөттү.

Өкмөт башчы королго чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, президенти Сооронбай Жээнбековдун саламын жолдоду.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуунун актуалдуу, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактардагы маселелерди талкуулашты. Премьер-министр Сауд Аравия Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин жана тышкы саясатында өзгөчө орду бар экенин белгилеп өттү.

"Бул күндөрү биздин өлкөнүн жарандары ажылыкка келип, эки ыйык жерди кыдырышууда. Ошону менен бирге Сауд Аравиядан келген туристтердин жыл сайын көбөйүп жатышы кубандырат, алар үчүн эшигибиз дайыма ачык", - деди Абылгазиев.

Мындан тышкары, премьер эки жактуу өз ара аракеттешүүнүн маанилүү багыттарынын бири катары соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү жана чыңдоо экендигине токтолду. Анын айтымында, өлкөлөр экономикалык кызматташтык потенциалын толук кандуу пайдаланбай келишет.

Арабдарды тиши менен көтөрүп эсин оодарган Ташчайнар. Camel Fest видеосу
Өз кезегинде Сауд Аравия королу өлкөлөр ортосунда достук мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүү маанилүү болуп саналарын белгиледи. Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү үчүн көтөрүлгөн демилгелерди колдоого даярдыгын билдирди.

Мындан тышкары, король соода-экономикалык чөйрөдөгү алакаларды өнүктүрүү артыкчылыгын колдоп, жооптуу мамлекеттик органдарга өз ара кызыкчылыктар маселелерин илгерилетүүнү камсыздоону тапшырды.

"Эки өлкөнүн мамлекеттик органдары бул маселе боюнча тыгыз кызматташууга тийиш. Инвестициялык кызматташууну бекемдөө үчүн мен тиешелүү тапшырмаларды берем. Мусулман коомчулугунда болуп жаткан маселелерди биз ар дайым колдоого тийишпиз. Биз боордош өлкөлөрдөн болуп саналабыз", — деди ал.

Король Camel Fest эл аралык этнофестивалын ийгиликтүү өткөрүүдөгү кыргыз тараптын зор салымын белгиледи.