Аравиядагы элечекчендер, калпакчандар. Абылгазиев Төө фестивалын жапкан сүрөттөр

Өкмөт башчы башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү кыргызстандык артисттер өнөр тартуулаганда суктанып тургандыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эр-Рияд шаарында Camel Fest этнофестивалынын жабылышына катышып, Кыргызстандан барган артисттер менен спортчуларга ыраазылык билдирди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Фестивалдын жабылыш салтанатында театралдаштырылган оюндар жана концерттик программа тартууланды.

Иш-чарага Сауд Аравиясынын королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд, Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед ибн Салман Аль Сауд, Дубай эмиратынын башкаруучу династиясынын мүчөсү Хамдан ибн Мохаммед Аль Мактум, дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү жана башка жогорку даражалуу меймандар катышты.

Сауд Аравия королу Кыргызстан менен алаканы өнүктүрүүгө даяр
Өкмөт башчы ал жерден Camel Fest алкагындагы "Көчмөндөр ааламы" этнофестивалына катышкан Кыргызстандан барган чыгармачыл жамаат жана спорт өкүлдөрү менен жолугушуп, пикир алышты.

Абылгазиев кыргызстандыктардын көчмөн маданиятты жайылтуудагы чоң салымын, ошондой эле фестивалдын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгиледи.

"Сауд Аравия королу иш-чараны уюштурууга кошкон кыргыз элинин салымын канааттануу менен белгиледи, мен өз кезегимде биздин каада-салт жана үрп-адаттарды көрсөткөнүңүздөр үчүн силерге ыраазычылык билдиргим келет. Башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү биздин артисттер өнөрлөрүн тартуулаганда суктанып турушту. Биздин элдердин маданиятынын кандайдыр бир окшоштугу бар, биз көчмөн маданиятынын нукура баалуулуктарын эң жогорку деңгээлде көрсөтө алдык", — деп баса белгилеген ал.

Малымат кызматы артисттер жана спортчулар өлкөнүн өкмөтүнө ар кыл уюштуруу маселелерин чечүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргенин айтты.