Назарбаев кызматтан кетерин Путинге качан айтканы белгилүү болду

19-мартта Казакстанды 30 жылга чукул башкарган президент Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин казакстандык кесиптеши Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткени жатканын ал расмий жар саларына эки саат калганда билген. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Москва. Кремль. Путин" берүүсүндө айтканын РИА Новости жазды.

"Нурсултан Абишевич өзү телефон чалды. Негизинен экөө мүмкүнчүлүк болуп калганда сүйлөшүп турушчу. Бул жолу расмий жар саларына эки саат калганда байланышка чыккан", — деди Песков.

Казакстандын жаңы президенти Токаевдин атасы Фрунзеде чоңойгон
Маалымат катчынын айтымына караганда, Россия менен Казакстан жакын өнөктөш болгондуктан жакынкы арада дагы жогорку деңгээлдеги байланыштар болот.

Белгилей кетсек, 19-мартта Казакстанды 30 жылга чукул башкарган президент Нурсултан Назарбаев отставкага кетип, ордуна парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген.