Миллион адамдын митингге чыкканын көрдүңүз беле? Лондондогу кадрлар

Лондондо миллионго жакын адам Brexit боюнча референдумду кайрадан өткөрүү талабы менен жөө жүрүшкө чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. ВВС жазганына караганда, жүрүштүн катышуучулары Гайд-парктан Парламент аянтына жөнөшкөн.

"Биздин талап жөпжөнөкөй: Brexit боюнча акыркы сөздү эл айтышы керек", — дешти жүрүштүн уюштуруучулары.

Маалыматта миллионго жакын киши көчөгө чыкканы айтылат.

Буга чейин Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламенттин толук колдоосу жок Brexit (Британиянын Европа биримдигинен чыгышы) келишими боюнча кайрадан добуш берүү болбой турганын жар салган.