Ыйлаган, кубанган Советбек Жумадылов... Залкар актердун сүрөттө калган ирмемдери

Sputnik

Эх-хх, ирмемдер, ирмемдер... Айтматовдун эл көрө элек сүрөттөрү
Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадыловдун көзү тирүү болгондо быйыл 87 жашка толмок. Театр жана кино актеру өзүнүн чыгармачылык жолунда 40ка жакын тасмада роль аткарып, "кыргыз кереметинин" жаралуусунун башында турган. Актер көпчүлүктүн эсинде "Биринчи мугалимде" Каимбайдын, "Бакайдын жайытында" Алымдын, "Акмөөрдө" Баякенин, "Акбаранын көз жашында" Бостондун, "Махабат дастанында" Абдилхандын, "Караш-караш окуясында" Жарасбай манаптын образында калган. Ал эми театрда Семетей, Бакайдан баштап Отелло, Ричард, Омар Хаямга чейинки образды жараткан.

Залкар талант жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

 

1 / 14
"Бакайдын жайыты" тасмасын тартуу маалы. Актер Алымдын образында.
2 / 14
Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов. Фрунзе шаары, 1980-жыл.
3 / 14
Режиссер Геннадий Базаровдун "Айың" тасмасы. Анда Жумадылов Калман аттуу жигиттин ролун аткарган.
4 / 14
Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасынан көрүнүш
5 / 14
"Тайгак кечүү" тасмасын тартууга даярдануу учуру
6 / 14
Жамал Сейдакматова менен Советбек Жумадылов бирге көптөгөн тасмада чогуу иштешкен
7 / 14
Актер Советбек Жумадылов менен казак актрисасы Гүлжамал Батыргалиева. "Караш-караш окуясы" фильми, 1968-жыл.
8 / 14
Түрмөдө жаткандар менен чогуу тартылган Жумадылов "Айың" тасмасында
9 / 14
"Көчө" тасмасындагы эпизоддо Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева
10 / 14
Кыргыз ССРинин Эл артисти "Эзоп" спектаклинде роль аткарып сахнада, 1979-жыл
11 / 14
Кино жылдызы Айтурган Темирова жана Гүлсара Ажыбекова менен
12 / 14
Жумадылов менен Рыскулов. Залкарлар тасма тартуу маалында кулундарды желеге байлап жаткан кези
13 / 14
Мейман тоскон Жумадылов, белек сунган Рыскулов. "Бакайдын жайыты" тасмасы.
14 / 14
Жумадылов 40ка жакын тасмада роль аткарып, "кыргыз кереметинин" жаралуусунун башында турган.