Мэрия: Ош шаарындагы кооптуу делген май куюучу жайлар жабылат

Мындан ары шаар ичине май куюучу бекеттерди курууга уруксат бербөө боюнча буйрук чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы май коюучу жайлар текшерилип, талаптарга жооп бербегендери жабылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аталган жайларды текшерүү учурунда билдиргенин анын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, мындан ары шаар ичине май куюучу бекеттерди курууга уруксат бербөө боюнча буйрук чыгат.

"Эң биринчи кезекте элдин коопсуздугун ойлошубуз керек. Ар бир май куюучу жайдын мыйзамдуулугун текшергиле. Мындай жайлар шаардын сыртында деле жетиштүү. Талаптарга жооп бербеген, мыйзамсыз, кооптуу май куюучу жайлардын иши токтотулат. Ошондой эле андай жайларды шаар ичине курууга тыюу салынат", — деди мэр.

Ош шаарында жалпы жонунан 44 май куюучу жай бар. Алардын алтоосу иштебей турат.

Эске салсак, 20-мартта Ош шаарынын Исанов көчөсүндөгү май куюучу жайдан өрт чыгып, адамдар жабыркаган.