Кытайлык кыргыздар Бишкекте бир нече жерде концерт берет

32 адамдан турган делегациянын курамында манасчылар, ырчылар жана бийчилер бар.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кытайдын Синьцзян Уйгур автоном районунун чыгармачылык делегациясы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында бүгүн чоң программадагы концерт тартуулайт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кытайдын ММА чемпиону Мамбеттокто: октагонго "кыргыз" деп чакыргыла дейм
Жалпы 32 адамдан турган делегациянын курамында манасчылар, ырчылар жана бийчилер бар.

Ал эми 23-мартта Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясына өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Алар кечээ, 21-мартта, "Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык салтанатка жана Курманжан Датка эстелигинин алдындагы иш-чарага катышты.

24-март күнү кыргыз искусствосунун чеберлери жана маданият кызматкерлеринин өкүлдөрү менен жолугушат.

Эске салсак, аталган делегация 20-март күнү Кыргызстанга президенттин атайын чакыруусу менен учуп келген.