Бишкектеги Кыргыз-россиялык конференцияга 800 делегат келет

Россиялык экспорт борборунун маалыматына караганда, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 2018-жылы 17 пайызга өскөн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Борбор калаада 27-28-март күндөрү Кыргыз-россиялык "Стратегиялык өнөктөштүк менен интеграциянын жаңы кыйырлары" деп аталган VII конференция өтүп, ага 800 адамдын катышары күтүлүүдө. Бул туурасында "Росконгресс" фондусунан билдиришти.

Россиянын президентинин кеңешчиси Антон Кобяков алардын тышкы, анын ичинде тышкы экономикасынын саясатында Кыргызстан маанилүү орунда тургандыгын белгилеген.

"Бул өлкө биздин эзелки, анын ичинен импорттук-экспорттук багыттагы өнөктөштөрүбүздүн бири. Арбын көрсөткүчтөрдө өсүш болгонун байкап жатабыз. Аймак аралык конференциянын форматындагы жолугушуу диалогду жана өнөктөштүгүбүздү жогорку деңгээлде алып кетет деп ишенебиз", — деген Кобяков.

Россиялык экспорт борборунун маалыматына караганда, өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 2018-жылы 17 пайызга өскөн. Өз ара соода мамилеси 1,9 миллиард долларга жеткен.

Жээнбеков Путин менен жолугушуунун пайдасын айтып берди
"Россиялык экспорттук борбордун статистикасы россиялык инвесторлордун кыргыз рыногуна атаандаштыкка туруштук бере алган продукциялары менен кирүүгө кызыкдар экендигин көрсөттү. Бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташуу айыл чарба жана токой өнөр жай комплекси, металл продукциялары жаатында өнүгүүдө", — деп айтылган маалыматта.

Делегаттардын арасында Кыргызстан менен Россиянын жогорку кызматтагы адамдары, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, эксперттер болору айтылды.

Иш-чара Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик деңгээлдеги иш сапарынын алкагында өтмөкчү.

"Росконгресс" фондусу — социалдык багытта финансылык эмес институт, эл аралык, конгресстик көргөзмөлөрдү жана коомдук иш-чараларды өткөрүп келет.