"Тайсонду" жыга чаап, утуп кое жаздаган Алимардандын нокауттары видеодо

Алимардан Абдыкааров ММА турниринин жарым финалында Канат Келдибековду жерге жыгып бир нече сокку узатууга жетишкен. Бирок муунтуу ыкмасынан улам жеңилүү ызасын тарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Түндө Кожомкул атындагы Cпорт сарайында 66 килограмм салмактагы Кыргызстандын алдыңкы мушкерлеринин күчүн сынаган WEF Grand Prix турнири өттү.

Мелдештин өзгөчөлүгү спортчулардын 8/1 финалдан баштап беттешкени болду. Жалпысынан 14 мушкер бири-бири менен мелдешкен.

Жыйынтыгында Канат Келдибеков жеңүүчү деп табылып, баш байге катары чемпиондук кур менен Mercedes-Benz унаасын алган.

"Тайсондун" байгеден уткан Mercedes-Benz унаасына араң жеткен видеосу
Келдибеков 8/1 финалда Бекмамат Абдибаит уулун техникалык нокаут менен утса, чейрек финалда калыстардын чечими менен Бекболот Абдылда уулун жер каратты. Ал эми жарым финалда Алимардан Абдыкааровду муунтуу ыкмасы менен жеңе алды. Финалдык беттештин биринчи раундунда Немат Абдрашитовду дагы муунтуу ыкмасы менен утту.

Канат Келдибеков үчүн жарым финал эң оор кармаштардын бири болду. Каршылашы Алимардан Абдыкааров аны биринчи раундда эле жерге жыгып, бир нече сокку узатууга жетишкен. Бирок "Тайсон" өжөр, тайманбас мүнөзү менен кармашка туруштук берип, Абдыкааровго муунтуу ыкмасын колдонуп жеңген.

Абдыкааров Келдибеков менен жолукканга чейин эки кармаш өткөрүп, бардыгын нокаут менен уткан.

8/1 финалда Санжар Ажибаевди 10 секунддун ичинде учура урган.

Ал эми чейрек финалда грэпплинг боюнча Азия чемпиону Расул Тезекбаевди сулата чапкан.

23 жаштагы Алимардан Абдыкааров спорт дүйнөсүндө оор соккулары менен таанымал. Кикбоксчулардын мектеби болуп саналган Гермес-Профи клубунда машыгат.