Сауд Аравиядагы Camel Fest этнофестивалын премьер Абылгазиев жабат

Иш-чарага Кыргызстандан 2000ге чукул киши барган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Camel Fest этнофестивалынын жабылыш аземине катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сауд Аравиядагы алп кыргыздар конокторду таң калтырууда. Сүрөт
Эскерте кетсек, иш-чара 9-мартта башталган, эртең, 23-мартта, жыйынтыкталат. Ага 90 мамлекеттин спортчу жана өнөр адамдары чакырылып, Кыргызстандан 2000ге чукул киши барган.

Фестиваль атайын курулган этношаарчада болуп, иш-чара бир канча жерде өткөн. Атап айтканда, ипподромдо, башкы сахнада, этнобазарда, киностанда, цирк аянтчасында, кыргыз айылы жана чет элдик катышуучулар үчүн тигилген боз үй айылында жана башка жерлерде тартууланган.