Ош шаарындагы май куюучу бекеттеги өрттүн кесепети. Сүрөттөр

Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү жети унаа, куткаруучулар, Тез жардам кызматы, милиционерлер тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы күйүүчү май куюучу жайда чыккан өрт 12 сааттан кийин толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Курманжан Датка кичирайонундагы Исанов көчөсүнүн №17 көп кабаттуу үйүнүн жанындагы май куюучу бекеттен өрт чыгып, ал тууралуу билдирүү 101 кызматына 20-март күнү саат 20.16да түшкөн.

"Өрт саат 22.10до чектөөгө алынды, эртең мененки саат 08.10до толук өчүрүлдү. Учурда келтирилген чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", — деп жазылат билдирүүдө.

Окуя болгон жерге жети өрт өчүрүүчү унаа, куткаруучулар, Тез жардам кызматы жана милиционерлер да тартылган. Тилсиз жоодон 59, 29 жана 36 жаштагы үч жаран түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.