Ноорузда Нарын шаарына кар жаады. Сүрөт

Кыргызгидрометтин берген маалыматы боюнча 21-мартта Нарын облусунда күндүз 3...8 градуска чейин жылуу, түндө 8 градуска дейре суук болот.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Нооруз майрамында 21-мартта Нарын шаарына кар жаады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Тургундардын айтымында, түнү менен жааган кар 5 сантиметрге чейин жетет.

"Карга карабастан Нарын шаарынын борбордук аянтында майрамдык иш-чаралар болот. Калаа тургундары майрамдык концертти көрүү үчүн аянтка келип жатат", — дешти тургундар.

Кыргызгидрометтин берген маалыматы боюнча 21-мартта Нарын облусунда күндүз 3...8 градуска чейин жылуу, түндө 8 градуска дейре суук болот.

Нооруз майрамында Кыргызстандын башка аймактарында кандай аба ырайы болот.