Ушунуңар уят эмеспи! Көк бөрү күйөрмандары жана ат майдандагы таштанды. Сүрөт

Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурманы көрүүчүлөр отуруучу жердин таштандыга толгон сүрөтүн редакцияга жиберген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. "Ак-Кула" ат майданына көк бөрү көрүүгө келген күйөрмандар ичкен суусундуктары менен жеген тамактарынын калдыктарын таштаган боюнча кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман билдирди.

Спорттук иш-чара бүгүн, 21-мартта, Нооруз майрамына карата уюштурулган. Финалдык оюн аяктап, көрүүчүлөр ат майдандан кеткенден кийин ал жакта бош пластикалык бөтөлкө, желим баштык жана тамак-аштын кагаздары калгандыгын көрүүгө болот. 

Ушунуңар уят эмеспи! Көк бөрү күйөрмандары жана ат майдандагы таштанды. Сүрөт

"Тазалык өзүбүздөн башталат. Келгендер, ооба, майрамдашты, бирок өз ордун тазалап кетсе болот го. Анан кичине уялуу керек да. Япониялык күйөрмандардын деңгээлине жетүү үчүн дагы далай бар экен", — деп нааразычылыгын жазган окурман.

Өткөн жылы япониялык күйөрмандар Россиядагы футбол боюнча чемпионаттын алкагында өткөн беттештен кийин стадионду жыйнап кетип, көпчүлүктү таң калтырган. Алардын видеосу дүйнө жүзүнө тез эле тарап, көпчүлүк адамдар япондордун маданияттуулугуна таң калышкан.