Instagram ишкерлердин ишин жеңилдетет. Онлайн сатып алуу сыналууда

Баракчадагы ар бир товардын алдында атайын Checkout деген баскыч пайда болот.
Sputnik

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Instagram фотосервиси товарды дароо эле баракчадан сатып алуу мүмкүндүгүн сыноодон өткөрүп жатканын The Verge басылмасы жазды.

Кыргызстандык окуучу кыздар бизнес-долбоор жазып, мобилдик тиркеме түзүүдө
Ага ылайык, тиркемеде ар бир товардын алдында Checkout (товарды танда) деген атайын баскыч пайда болот. Өзүңүзгө жаккан товардын түсүн, көлөмүн тандагандан кийин тиркеме атыңызды жана электрондук дарегиңизди сурайт. Андан соң товарды кайсы дарек боюнча алып келүү керектигин жазасыз.

Азырынча бул жаңы кызмат АКШда бета режиминде гана иштеп жатат. Сыноо иштерине 20дай бренд катышты. Атап айтканда Nike, Adidas, Dior, H&M, MAC Cosmetics, Uniqlo, Zara, Michael Kors, Oscar de la Renta, Prada жана Revolve фирмалары.