Эң бактылуу өлкө аныкталды. Кыргызстандын позициясы жакшырды

Бир жыл ичинде мамлекет алты тепкичке көтөрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. БУУнун туруктуу өнүктүрүү жолун издөө бөлүмү эң бактылуу өлкөлөрдү аныктаган World Happiness Report аттуу докладын жарыялады.

Кыргызстанда эң көп айлык төлөнгөн жумуштар. Рейтинг
Рейтингге 156 мамлекет кирген. Аны түзүүдө киши башына эсептелчү ИДП, жашоонун узактыгы, оор кырдаалда социалдык колдоо көрсөтүү, өкмөткө болгон ишеним, чечим кабыл алуудагы эркиндиктин бааланышы сыяктуу факторлор эске алынган.

Кыргызстан бул жылы 86-орунга илинди. Бир жыл ичинде республика алты тепкичке алдыга жылган.

Эң бактылуу өлкө деп Финляндия табылды. Экинчиге Норвегия, үчүнчүгө Дания илинди. Алдыңкы ондукка Исландия, Швейцария, Нидерланддар, Канада, Жаңы Зеландия, Швеция жана Австралия кирди.

​Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен 50-орунда турган Өзбекстан алдыда келе жатат. Анын артында 60-сапты ээлеген Казакстан бар. Тажикстан 68-орундан 74-орунга жылып кеткен.

"Эң эле бактысыз" болуп Борбордук Африка Республикасы, Афганистан, Танзания, Руанда, Йемен, Малави, Сирия, Ботсвана, Гаити жана Түштүк Судан эсептелди.

Башка мамлекеттерге салыштырмалуу, Венесуэла өтө эле артка кеткен. Мамлекет мурда 82-орунда болсо, эми 102-орунду ээлеп калды.