Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгы элдик майрам болуп белгиленет

2020-жылы белгиленет.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

150 баланы уй жүктөгөн вагон менен алып келишкен... Токтогон Алтыбасарова эскерилди
Ага ылайык, маараке 2020-жылы белгиленет, бул жеңишке Советтер Союзунун бир тууган элдери фронттогу жана ооруктагы биримдиги жана эрдиги менен жетишкен.

Жеңиштин дүйнөлүк-тарыхый маанисин эске алып, фашизмди талкалаган совет элинин каармандыгына жана эрдигине терең таазим кылып, Жеңиштин 75 жылдыгын жалпы элдик майрам катары белгилөө жөнүндө токтом кылынат.

"Өкмөт бир айлык мөөнөттө жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө жана ага даярдык көрүү боюнча комитет түзүп, ардагерлер жана оорук эмгекчилеринин социалдык абалын жакшыртуу боюнча чараларды көрүшү шарт. Мындан тышкары, үч айлык мөөнөттө негизги майрамдык иш-чаралардын планын иштеп чыгуу милдеттендирилди. Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган мемориалдык комплекстерди, эстеликтерди жана обелисктерди жаңылоо боюнча иштерди жүргүзүүгө тапшырма берилди", — деп айтылат маалыматта.

Аталган Жарлык расмий жарыялангандан тарта күчүнө кирет.