Ош: май куюучу жайда жарылуу болгону айтылууда, бир киши жабыркады

Күбөлөр күйүүчү май куюучу жайда жарылуу болгонун айтууда, ал эми ӨКМ өрт чыкканын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы күйүүчү май куюучу жайдан чыккан өрттөн бир киши жаракат алып ооруканага жеткирилди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жабыркаган 59 жаштагы киши Облустар аралык оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылып, абалы орто экени айтылат.

Буга чейин калаанын Түштүк-Чыгыш кичирайонуна кире бериштеги Oktan Service аталышындагы күйүүчү май куюучу станциядан өрт чыкканы кабарланган.
Окуянын күбөлөрү жерине барган кабарчыга өрттөн мурун жарылуу болгонун айтышууда. Мындан улам жанындагы көп кабаттуу үйдүн подъездинин терезелери сынып кеткен.

Өрт тууралуу 101 кызматына саат 20.16да чакыруу түшкөн. Тилсиз жоо менен кармашууга жети өрт өчүрүүчү унаа тартылып, саат 22.10до чектөөгө алынды.

Ал ортодо Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев кырсык болгон жерге барып калаадагы май куюучу жайлардын коопсуздугун текшерип чыгууга тапшырма бергенин маалымат кызматы билдирди.

Мэр андан кийин жаракат алган кишинин абалын сураганы ооруканага барганы айтылат.