Астананын Нурсултан болуп өзгөрүшүн Назарбаев кандай кабыл алган

Казакстандын мажилиси Астана шаарын Нурсултан кылып өзгөртүүнү жактырган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев үч жыл мурда Астана шаарынын атын Нурсултанга которуу сунушун четке каккан болчу. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Казакстандын мажилиси Астана шаарын Нурсултан кылып өзгөртүү сунушун бүгүн колдоп берди.

2016-жылы ноябрда парламент депутаттары Казакстандын биринчи президентинин күнүнүн алдында Астана шаарын анын атына которууну сунушташкан.

"Мен бул тема боюнча көп жолу пикиримди айткам. Эл мен бардык жерге Нур, Нурлы деп жазуу боюнча буйрук берип жаткандай кабыл алышы мүмкүн. Парламент дагы борбор калааны менин атымдан атаса болорун айтууда. Мен андай ойду эч кимге айткан эмесмин", — деген Назарбаев үч жыл мурда.

Назарбаев өмүр бою жетектей турган Коопсуздук кеңеши эмне иш кылат
Ал учурда Елбасы биринчи президентке реформа өткөрүүгө жардам бергени үчүн кесиптештерине жана үзөңгүлөштөрүнө ыраазычылык билдирген.

"Парламент бийликтин өз алдынча бөлүгү. Алар чечим кабыл алып, өзүнүн пикирин айтканга акылуу. Бардык маселелерди, шаарлардын, эл жашаган аймактардын атын өзгөртүүнү тең салмактап туруп чечишибиз керек", — деген пикирин айтып, Астананын атын өзгөртүү боюнча сунушка каршылыгын билдирген болчу.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 19-мартта президенттиктен кете турганын жарыялады.