Бишкекке Кытайдан этникалык кыргыздар келди. Сүрөт

Борбор калаага келген боордоштор Кыргызстанда 25-мартка чейин болот.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бүгүн, 20-мартта, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан этникалык кыргыздардын маданий делегациясы "Манас-2" аба майданына учуп келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Делегацияны Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун туруктуу парткомунун мүчөсү Хайбунуер Юйшань айым жетектеп келди.

Аларды Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү тосуп алды.

"Делегация Бишкек шаарында 20-марттан 25-мартка чейин болот. Келген меймандар Нооруз майрамында "Ала-Тоо" аянтында жана Курманжан датканын эстелигинин алдында өнөрлөрүн тартуулайт", — деп айтылат маалыматта.

Мекениң кайда, бир боорум?.. Улутчул менен мекенчил тууралуу
Ал эми 22-март күнү саат 18:00дө Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында, 23-март күнү саат 15:00дө Кыргыз улуттук консерваториясында чоң программадагы концерт коюшат.

Мындан сырткары, делегация өкүлдөрү Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаты, Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи, "Ата-Бейит" тарыхый мемориалдык комплекси, Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейине барат.

Ал эми 24-март күнү маданий иш сапардын алкагында кыргыз искусствосунун чеберлери жана маданият кызматкерлери менен жолугушуусу күтүлүүдө.