Назарбаев өмүр бою жетектей турган Коопсуздук кеңеши эмне иш кылат

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын 19-мартында ыйгарым укуктарын токтотконун жар салгандан кийин Коопсуздук кеңеши менен Nur Otan партиясынын төрагасы бойдон калды.
Sputnik

Казакстан Республикасынын Коопсуздук кеңеши эмне иш аткарат жана төраганын милдети эмнеде экенин Sputnik Казакстан жазды.

Казакстандын Коопсуздук кеңеши деген эмне?

Казак ССРинин Коопсуздук кеңеши 1991-жылдын 21-августунда өлкөнүн президенти тарабынан негизделген. 1993-жылдын 17-июнунда Казакстан Республикасынын Коопсуздук кеңеши болуп өзгөргөн.

Жээнбеков Казакстандын жаңы президенти Токаевди куттуктады
Казакстандын Коопсуздук кеңеши — бул өлкө президенти түзгөн консультативдик-кеңешүүчү орган. Ал Казакстандын улуттук коопсуздугун, коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо, мамлекеттик суверенитетти, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын сактоо боюнча иш алып барып, чечимдерди кабыл алат.

Коопсуздук кеңешинин учурдагы жобосу Казакстан Республикасынын Жарлыгы менен 1999-жылдын 20-мартында бекиген.

Коопсуздук кеңеши эмне иш кылат?

Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп Казакстан президенти эсептелинет. Өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн кеңешти жетектөө вазийпасын өмүр бою аркалайт.

Коопсуздук кеңеш төрагасынын милдеттери:

  • Кеңештин ишмердүүлүгүн тескейт;
  • Коопсуздук кеңештин жыйындарын жана ыкчам чогулуштарын чакырат;
  • Орган мүчөлөрүнө тапшырма берет;
  • Коопсуздук кеңеш аппаратынын уюштуруучулук-укуктук макамын аныктап, анын жобосу менен структурасын бекитет;
  • Коопсуздук кеңешинин ишмердүүлүгүнө тиешелүү актыларды түзөт;
  • Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка аракеттерди ишке ашырат.

Коопсуздук кеңешине кимдер кирет?

Кеңеш туруктуу жана жөнөкөй мүчөлөрдөн турат.

Назарбаевдин Фрунзедеги жаштыгы жана Ысык-Көлдөгү резиденциясы
Туруктуу мүчөлөрү болуп премьер-министр, президенттик аппараттын жетекчиси, төраганын жардамчысы — Коопсуздук кеңешинин катчысы, Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы, тышкы иштер жана коргоо министрлери эсептелинет.

Кеңештин мүчөлөрү болуп парламент мажилисинин төрагасы, парламент сенатынын төрагасы, тышкы чалгын кызматынын директору, ички иштер министри, коргоо министринин биринчи орун басары.

Муктаждык жаралган учурда кеңештин төрагасы мүчөлүккө дагы башка кызматкерлерди дайындоого укуктуу.

Кеңештин жыйыны үч айда бир жолу өтүп, протокол түзүлөт. Чечимдер катышуучулардын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

Маанилүү маселелер алдын ала чогулуштарда талкууланат. Ал кеңештин катчысынын төрагалыгы алдында өтөт.