Депутат Якутиядагы окуя боюнча Мамдумага кайрылууну сунуштады

Бакыт Төрөбаев болгон окуяга парламент үн катышы керектигин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Якутиядагы окуянын айланасындагы жагдайлардын бардыгы мыйзам чегинде болушу керектигин айтып, бул маселе боюнча парламент Россиянын Мамдумасына кайрылуусу зарылдыгын билдирди.

"Якутиянын элине жана бийлигине кайрылат элем, жаман адам бар, бирок жаман улут жок. Мыйзам бузган киши жазага тартылышы керек. Бирок биздин башка жарандар жапа чекпеши зарыл. Жогорку Кеңеш дагы Мамдумага кайрылуу жасайлы", — деди ал.

Депутат ошондой эле бул нерсе атайылап уюштурулушу ыктымалдыгын белгиледи.

"Бир күндүн ичинде спорт сарайда эл чогулуп калды. Балким бул атайылап жасалгандыр? Биз бул боюнча өз пикирибизди билдирип коюшубуз керек", — деди эл өкүлү.

Якутскидеги кыргызстандыктардын маселеси кантип чечилип жатат? Бийликтин жообу
Төрага Дастан Жумабеков Төрөбаевдин сунушу эске алынарын айтты.

17-мартта Якутскинин жашоочусу зордукчулдун курмандыгы болгонун айтып, тартип коргоо органдарына кайрылган. Баштапкы тараган маалыматтарда аялды зордуктады делген киши Кыргызстандын жараны экени айтылган. Кийин Кыргызстандын Ички иштер министрлиги шектүү Кыргызстанда туулгандыгын билдирген. Бул окуя Якутскиде жергиликтүү элдин нааразычылыгын жаратып, митингге чыгышкан.